БШК Садык Шер-Нияздын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

16 ноября 2020

Бүгүн – 2020-жылы 16-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Садык Шер-Нияздын  төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн:

1. Ильязбек Чидербекович Абдикеримовду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Садык Шер-Нияздын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү;

2. Динара Кувайбековна Кулжанованы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Садык Шер-Нияздын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттоо токтомун кабыл алды.  

Чечим 2020-жылдын 13-ноябрындагы Садык Шер-Нияздын арызынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 19-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 18-беренесинин 3-бөлүгүн, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-19- пункттарын жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү