БШК К.К. Иманалиевдин ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн каттады

16 ноября 2020

Бүгүн, 2020-жылдын 16-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Иманалиев Каныбек Капашовичтин тѳмѳндѳгү ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн каттады:

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К. Иманалиевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү Садыков Нурлан Бериковичти ;
  2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К. Иманалиевдин финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү Асанбаева Чынаркул Жумабековнаны .

Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык,  «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2, 19-пункттарын, 18-беренесинин 3-бѳлүгүн жетекчиликке алып, К.К. Иманалиевдин 2020-жылдын 14-ноябрындагы  арызынын негизинде кабыл алынган.

КР БШКнын маалымат бѳлүм