БШК С.Н. Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
16 ноября 2020
Бүгүн – 2020-жылы 16-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Садыр Нургожоевич Жапаровдун төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө токтом кылды:
1. Мощин Александр Сергеевич Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Н. Жапаровдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын;
2. Тологонова Аида Бейшеналиевна Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Н. Жапаровдун каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын.
Чечим С.Н. Жапаровдун 2020-жылдын 14-ноябрындагы жеке арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын,18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып кабыл алынды.
БШК маалымат бөлүмү
