БШК У. Т. Кочкоровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
16 ноября 2020
Бүгүн – 2020-жылы 16-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Улукбек Тойчубаевич Кочкоровдун төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн:
1. Асылбек Тойчубаевич Кочкоровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер У. Т. Кочкоровдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү;
2. Алтынай Келдибаевна Кубатованы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер У. Т. Кочкоровдун финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттоо токтомун кабыл алды.
Чечим 2020-жылдын 14-ноябрындагы У. Т. Кочкоровдун арызынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 19-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 18-беренесинин 3-бөлүгүн, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-19- пункттарын жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
