БШК М. Т. Кайыповдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

16 ноября 2020

Бүгүн – 2020-жылы 16-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Марат Таштанович Кайыповдун төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө токтом кылды:

1. Кайыпов Нурмат Маратович Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер М. Т. Кайыповдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын;

2. Кайыпов Бекджан Сулайманович Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер М. Т. Кайыповдун каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын.

Чечим М. Т. Кайыповдун 2020-жылдын 14-ноябрындагы жеке арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын,18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып кабыл алынды.

БШК маалымат бөлүмү