Ала-Бука АШКнын курамына жана резервине ѳзгѳртүүлѳр киргизилди
16 ноября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 16-ноябрында ѳзүнүн жыйынында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука АШКнын курамына жана резервине тѳмѳнкүндѳй ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү боюнча токтом кабыл алды:
- жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү органынан Алматова Атыргүл Акназаровна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- - жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү органынан Сарпбекова Айсулуу Абзалбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Чечим «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 14, 18, 19-беренелерине, “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-б. 4-п., Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервдерин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жѳнүндѳ” жобого ылайык Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын мүчѳсү Алматова Атыргүл Акназаровнанын арызынын негизинде кабыл алынган.
БШКнын маалымат бѳлүмү
