БШК А. К. Малиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

14 ноября 2020

14-ноябрда КР Боршайкому Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Арсланбек Касымакунович Малиевдин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо токтомун чыгарды:

- Арслана Каныбековна Малиева КР Президенти кызматына талапкер А. К. Малиевдин финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болду.

Чечим 2020-жылдын 12-ноябрындагы А. К. Малиевдин арызынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 19-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 18-беренесинин 3-бөлүгү, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-19-пункттарын жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү