БШК Т.Ж.  Уметалиеванын  ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн каттады

14 ноября 2020

Бүгүн, 2020-жылдын 14-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Уметалиева Токтайым Жумаковнанын тѳмѳндѳгү ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн каттады:

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.Ж.  Уметалиеванын  шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү Саданбеков Адилет Эркиновичти.
  2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.Ж.  Уметалиеванын  финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү Сапарбеков Мухаммед Сапарбековичти.

Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык,  «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2, 19-пункттарын, 18-беренесинин 3-бѳлүгүн жетекчиликке алып, ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн каттоо жѳнүндѳ ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары кѳрсѳтүлгѳн Т.Ж.  Уметалиеванын 2020-жылдын 12-ноябрындагы № 01-06/3252  арызынын негизинде кабыл алынган.

БШК маалымат бөлүмү