Бакай-Ата аймактык комиссиясынын резервине жана курамына өзгөртүүлөр кирди

14 ноября 2020

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 14-ноябрдагы өз жыйынында, Талас облусундагы Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтом кабыл алды. Токтом боюнча "Кыргызстан" саясий партиясынан Русланбек Кузорович Ашыралиев комиссиянын курамынан чыгарылып, резервден комиссия курамына жергиликтүү өзү-өзү башкаруу өкүлчүлүктүү органынан Нурлан Асамбекович Алымбеков киргизилди.

Мындай чечим Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Р. К. Ашыралиевдин комиссиянын курамынан чыгаруу тууралуу арызынын негизинде, 2020-жылдын 5-ноябрындагы Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын сунуштамасынын, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 7-14-18-19-беренелеринин, "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө" КР мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пункту боюнча, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375-токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана алып жүрүүнүн тартиби жөнүндөгү" Жобого ылайык кабыл алынды.

БШК Маалыматтык бөлүмү