БШК Орток айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады
14 ноября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 14-ноябрында өз жыйналышында Нарын облусунун Нарын районунун Орток айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.
Нарын облусунун Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 5-ноябрындагы №22 пр, буйругу менен Орток айыл өкмөтүнүн башчысы Сеңирбаев Алтынбек Жыргалбаевич өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Нарын облусунун Нарынрайонунун Ортокайыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 3-декабрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн деп токтом кылды.
БШК Нарын аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурууну тапшырды.
КР БШК маалымат бөлүмү
