Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясына өзгөртүүлөр киргизилди
13 ноября 2020
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 13-ноябрдагы жыйынында Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтом чыгарылып:
- жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Айсулуу Абзалбековна Сарпбекова комиссиянын резервине киргизилди.
Бул чечим Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ала-Бука айылдык кеңешинин 2020-жылдын 11-ноябрындагы №12-1 токтомунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү жөнүндө" КР мыйзамынын 7-14-18-19-беренелерине, "Жергиликтүү өзү-өзү башкаруу жөнүндө" КР мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375- токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү жана резервди алып жүрүүнүн тартиби жөнүндө" Жобосуна ылайык кабыл алынды.
БШК Маалыматтык бөлүмү
