БШКга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер М. Болгомбаевден арыз келип түштү
12 ноября 2020
2020-жылдын 12-ноябрында КР БШКга ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ѳзүнүн талапкерлигин кѳрсѳтүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын жараны, 1978-жылдын 22-сентябрында туулган, ОАО «Шоппинг онлайн центринин» башкы директору Болгомбаев Медер Кадыркулович арыз менен кайрылды.
2020-жылдын 12-ноябрына карата абал боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын жарандарынан 25 арыз (1 арыз – Б. Бакетаевдин арызы кайра чакыртып алынды) келип түшкѳндүгүн эске салабыз (А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев, Н. Нышанов, Б. Асанов, К. Исаев, А. Сыдыков, С. Турдумалиев, Н. Мотуев, Р. Тагаев, Ж. Байгуттиев, К. Сооронкулова, А. Касенов, А. Эсенбеков, К. Кадыров, Э. Турдубеков,С. Шер-Нияз, У. Кабылбеков, И. Товкеев , Б. Калмаматов, Ж. Камчиев,М. Арстанбек, Т. Уметалиева, А. Малиев).
БШКнын маалымат бѳлүмү
