БШКга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К. Базаркуловдон арыз келип түштү

13 ноября 2020

2020-жылдын 13-ноябрында КР БШКга ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ѳзүнүн талапкерлигин кѳрсѳтүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын жараны, 1968-жылдын 23-апрелинде туулган, «Дербиш» фондунун директору Базаркулов Куттуумидин Дербишалиевич арыз менен кайрылды.

2020-жылдын 13-ноябрына карата абал боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын жарандарынан 27 арыз (1 арыз чакыртып алынган – Б. Бакетаев) келип түшкѳндүгүн эске салабыз (А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев, Н. Нышанов, Б. Асанов, Б. Бакетаев, К. Исаев, А. Сыдыков, С. Турдумалиев, Н. Мотуев, Р. Тагаев, Ж. Байгуттиев,  К. Сооронкулова, А. Касенов, А. Эсенбеков, К. Кадыров, Э. Турдубеков, С. Шер-Нияз, У. Кабылбеков, И. Товкеев , Б. Калмаматов, Ж. Камчиев, М. Арстанбек, Т. Уметалиева,  А. Малиев, М. Болгомбаев, А. Зарипова).

БШКнын маалымат бѳлүмү