БШК Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө токтомго өзгөртүүлөрдү киргизди

13 ноября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 13-ноябрындагы өз жыйналышында “Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш, Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Милянфан айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө”  КР БШКнын 2020-жылдын 6-ноябрындагы №297 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кылды.

Ал токтом менен Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2020-жылдын 25-ноябрына саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүү дагы дайындалган.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык БШК жогоруда аталган токтомго төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди:

1) аталышта “Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Милянфан” деген сөздөр алып салынсын;

2) преамбулада үчүнчү абзац алып салынсын;

3) 1-пунктта “жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Милянфан” деген сөздөр алып салынсын;

4) 2-пунктта “жана Ысык-Ата” деген сөздөр алып салынсын.

Бул токтом Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясына, Чүй облусунун Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына жана Милянфан айыл кеңешине жөнөтүлдү.

БШК маалымат бөлүмү