БШК К. К. Исаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
13 ноября 2020
13-ноябрда КР Боршайкому Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Канатбек Кедейканович Исаевдин төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоого токтом чыгарды:
1. Эльвира Тилековна Абельдиева,
2. Шамшидин уулу Разак.
Чечим К. К. Исаевдин 11-ноябрдагы жеке арызынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 19-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 18-беренесинин 3-бөлүгүн, 7-берененин 1-бөлүгүнүн 2-19-пункттарын жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
