БШКга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т. Үмөталиевадан арыз түштү
12 ноября 2020
2020-жылдын 12-ноябрында КР БШКга ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ѳзүнүн талапкерлигин кѳрсѳтүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын жараны, 1962-жылы 4-апрелде туулган, “Ай-Данек” газетасынын редактору Токтайым Жумаковна Үмөталиева арыз менен кайрылды.
2020-жылдын 12-ноябрына карата Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын жарандарынан (А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев, Н. Нышанов, Б. Асанов, К. Исаев, А. Сыдыков, С. Турдумалиев, Н. Мотуев, Р. Тагаев, Ж. Байгуттиев, К. Сооронкулова, А. Касенов, А. Эсенбеков, К. Кадыров, Э. Турдубекова, С. Шер-Нияз, У. Кабылбеков, И. Товкеев , Б. Калмаматов, Ж. Камчиев, М. Арстанбек) Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна талапкер катары көрсөтүү жөнүндө 23 арыз (1 арыз – Б. Бакетаевдин арызы кайра чакыртып алынды) түшкөнүн эске салабыз.
БШК маалымат бөлүмү
