БШКга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер М. Арстанбектен арыз келип түштү

12 ноября 2020

2020-жылдын 12-ноябрында КР БШКга ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ѳзүнүн талапкерлигин кѳрсѳтүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын жараны, 1965-жылдын 7-сентябрында   туулган,  Халал-индустрия ѳнүктүрүү борборунун директору Арстанбек Мыктыбек арыз менен кайрылды.

2020-жылдын 12-ноябрына карата абал боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын жарандарынан 22 арыз келип түшкѳндүгүн эске салабыз (А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев, Н. Нышанов, Б. Асанов, Б. Бакетаев, К. Исаев, А. Сыдыков, С. Турдумалиев, Н. Мотуев, Р. Тагаев, Ж. Байгуттиев,  К. Сооронкулова, А. Касенов, А. Эсенбеков, К. Кадыров, Э. Турдубеков,С. Шер-Нияз, У. Кабылбеков, И. Товкеев , Б. Калмаматов, Ж. Камчиев).

БШК маалымат бөлүмү