БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Ж. Камчиевден арыз түштү

12 ноября 2020

2020-жылдын 12-ноябрында БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн-өзү талапкер көрсөткөн, 1954-жылы туулган, "Куудул-Аралаш" коомдук фондунун президенти Жамбылбек Камчиев арыз менен кайрылган.
Буга чейин 12-ноябрга карата КР Боршайкомуна Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлигин көрсөткөн 21 жарандан (А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев, Н. Нышанов, Б. Асанов, Б. Бакетаев, К. Исаев, А. Сыдыков, С. Турдумалиев, Н. Мотуев, Р. Тагаев, Ж. Байгуттиев, К. Сооронкулова, А. Касенов, А. Эсенбеков, К. Кадыров, Э. Турдубекова, С. Шер-Нияз, У. Кабылбеков, И. Товкеев, Б. Калмаматов) арыз түштү.

БШК Маалыматтык бөлүмү