БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Б. Калмаматовдон арыз түштү

12 ноября 2020

12-ноябрда өзүнүн талапкерлигин Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына көрсөткөн, 1984-жылы туулган, убактылуу иштебеген Бактыбек Орозалиевич Калмаматов БШКга арыз менен кайрылган.
Эске салсак, 12-ноябрга карата өз талапкерлигин Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына көрсөткөн Кыргыз Республикасынын 20 жаранынан ( А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев, Н. Нышанов, Б. Асанов, Б. Бакетаев, К. Исаев, А. Сыдыков, С. Турдумалиев, Н. Мотуев, Р. Тагаев, Ж. Байгуттиев, К. Сооронкулова, А. Касенов, А. Эсенбеков, К. Кадыров, Э. Турдубекова, С. Шер-Нияз, У. Кабылбеков, И. Товкеев) арыз түштү.

БШК Маалыматтык бөлүмү