БШКга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер  И. Товкеевден арыз түштү

12 ноября 2020

 2020-жылдын 12-ноябрында КР БШКга ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ѳзүнүн талапкерлигин кѳрсѳтүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын жараны, 1985-жылы 5-ноябрда туулган, убактылуу иштебеген Ильгиз Шамшитбекович Товкеев арыз менен кайрылды.

2020-жылдын 12-ноябрына карата Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын жарандарынан (А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев, Н. Нышанов, Б. Асанов, Б. Бакетаев, К. Исаев, А. Сыдыков, С. Турдумалиев, Н. Мотуев, Р. Тагаев, Ж. Байгуттиев, К. Сооронкулова, А. Касенов, А. Эсенбеков, К. Кадыров, Э. Турдубекова, С. Шер-Нияз, У. Кабылбеков) Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна талапкер катары көрсөтүү жөнүндө 19 арыз түшкөнүн эске салабыз.

БШК маалымат бөлүмү