Тоголок-Молдо айыл ѳкмѳтүндѳгү шайлоо болуп ѳттү деп таанылды
12 ноября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 12-октябрындагы № 251 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Ак-Талаа районундагыТоголок-Молдо айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоого добуш берүүнүн жыйынтыгын жана натыйжаларын бекитүү боюнча токтом кабыл алды.
Тоголок-Молдо айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – жергиликтүү кеңештин депутаттары сунуш кылышкан Жолочу уулу Нурсултан, Капаров Эмилбек жана Түгѳлов Калыбек катталган.
Добуш берүүгѳ Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин 11 депутаты катышкан, Жолочууулу Нурсултан - 9 добуш, Капаров Э. – 2 добуш, Түгѳлов К. – 0 добуш алышкан.
Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ 2020-жылдын 12-ноябрындагы протоколу менен Жолочу уулу Нурсултан Тоголок-Молдо айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы белгиленди.
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагыТоголок-Молдо айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоого добуш берүүнүн жыйынтыгына жана натыйжаларына даттануулар жана арыздар келип түшкѳн жок.
КР БШКнын маалымат бѳлүмү
