БШКга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер К. Кадыровдон арыз түштү

11 ноября 2020

 2020-жылдын 11-ноябрында КР БШКга ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ѳзүнүн талапкерлигин кѳрсѳтүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын жараны, 1970-жылдын 13-октябрында туулган  "Чындык" саясий партиясынын лидери Кубанычбек Бекбосунович Кадыров арыз менен кайрылды.

Эске салсак, 11-ноябрга карата Боршайкомго Кыргыз Республикасынын 15 жаранынан (А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев, Н. Нышанов, Б. Асанов, Б. Бакетаев, К. Исаев, А. Сыдыков, С. Турдумалиев, Н. Мотуев, Р. Тагаев, Ж. Байгуттиев, К. Сооронкулова, А. Касенов, А. Эсенбеков) Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары көрсөткөн арыздар түшкөн. 

БШК Маалыматтык бөлүмү