Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоосуна 217 ЖМК катталды
11 ноября 2020
Бүгүн, 2020-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 217 маалымат каражаттарын аккредитациялоо чечимин кабыл алды.
Акрредитациядан өткөндөр: 56 телекомпания, 28 радиостанция, 61 гезит жана журналдар жана 72 интернет-басылмалар.
Жалпыга маалымдоо каражаттары менен интернет-басылмаларына маалымат берүү укугу жана ага берилүүчү обо убактысы, басылма аянтынын көлөмү жана акы төлөмү боюнча маалыматтар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жайгаштырылат.
КР БШК маалымат бөлүмү
