БШК Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо датасын дайындады
10 ноября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 10-ноябрындагы ѳзүнүн жыйынында жаңы талапкерлерди сунуш кылуу менен Нарын облусунун Нарын районундагы Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону 2020-жылдын 24-ноябрына дайындоо чечимин кабыл алды.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык БШК жаңы шайлоону дайындоо жѳнүндѳ чечим кабыл алды.
БШК маалымат бѳлүмү
