Кайназаров Данияр Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
10 ноября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 10-ноябрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 12-октябрда №253 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын жана шайлоонун натыйжаларын бекитүү токтомун кабыл алды.
Александровка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Кайназаров Данияр Шамшидинович жана Темирбекова Тамара Акыновна катталган, талапкерлер жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Москва аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 4-ноябрындагы протоколу менен Александровка айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 19 депутаты катышып, Д.Ш. Кайназаров 15 добуш, Т.А. Темирбекова 1 добуш, «бардык талапкерлерге каршы»позициясына – 3 добуш берилгендиги белгиленген.
Москва аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын4-ноябрындагы протоколу менен Кайназаров Данияр Шамшидинович Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
КР БШК маалымат бөлүмү
