БШКга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.С. Байгуттиевден арыз келип түштү

10 ноября 2020

2020-жылдын 10-ноябрында КР БШКга ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ѳзүнүн талапкерлигин кѳрсѳтүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын жараны, 1966-жылдын 9-майында туулган, «Толубай» АКБ ЖААнын директорлор советинин кеңешчиси Байгуттиев Женишбек Сейтбекович арыз менен кайрылды.

2020-жылдын 10-ноябрына карата абал боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын жарандарынан 11 арыз келип түшкѳндүгүн эске салабыз (А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев, Н. Нышанов, Б. Асанов, Б. Бакетаев, К. Исаев, А. Сыдыков, С. Турдумалиев, Н. Мотуев, Р. Тагаев).

БШКнын маалымат бѳлүмү