Бишкек шаарынын шайлоочуларына, ЖӨАБ ѳкүлчүлүктүү органдарына, коомдук жана коммерциялык эмес уюмдарга, саясий партияларга Бишкек АШКнын кайрылуусу
09 ноября 2020
2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун алдында Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссяларынын (мындан ары – УШК) резервин толуктоо зарылчылыгы жаралды. УШКнын резервин толуктоонун зарылчылыгына байланыштуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (мындан ары – Бишкек АШК) жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү органдарынан ѳкүлдѳрдү жана саясий партиялардан ѳкүлдѳрдү кѳрсѳтүү жѳнүндѳ маалымайт. УШКнын резервине талапкерлерди кѳрсѳтүүдѳ жарандардын ѳздѳрүнүн макулдугун, ошондой эле шайлоо кампанияларына, коомдук турмушка катышу тажрыйбасын, кесипкѳйлүк жана жеке сапатын эске алуу зарыл.
Мыйзамга ылайык, УШК саясий партиялардан ѳкүлдѳрдүн экиден биринин, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү органдарынан ѳкүлдѳрдүн экиден биринин курамында түзүлѳт. УШК шайлоолорду даярдоону жана ѳткѳрүүнү уюштурган, жарандардын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну жана коргоону камсыз кылган коллегиалдуу орган болуп саналат. УШКнын курамында иштѳѳ жооптуу жана шайлоо мыйзамдарына ылайык кынтыксыз жүргүзүлѳт.
Ушуга байланыштуу УШКнын резервине талапкерлерди кѳрсѳтүүдѳ жарандардын ѳздѳрүнүн макулдугун, алардын ишке даярдыгынын деңгээлин, шайлоо комиссияларына катышу тажрыйбасын эске алууга тийиш. Талапкерлерди кѳрсѳткѳн субъекттер шайлоо комиссияларынын мүчѳлүгүнѳ талапкер, эреже катары, ошол тийиштүү калктуу конуштун аймагында жашаптурууга тийиш экендигин эске алуусу зарыл
Жарандардын, коомдук бирикмелердин чогулуштарында кѳрсѳтүлгѳн талапкерлер жѳнүндѳ протокол чогулуштун тѳрагасынын жана катчысынын кол тамгасы менен күбѳлѳндүрлүүгѳ тийиш. Протоколго жашаган жерин жана алардын кол тамгалары күбѳлѳндүргѳнүн кѳрсѳтүү менен чогулуштун катышуучуларынын тизмеси тиркелүүсү керек.
Саясий партиялардан кѳрсѳтүү алардын уставдарына ылайык жүргүзүлѳт. Аймактык шайлоо комиссиясына чогулуштун тѳрагасынын жана катчысынын кол тамгасы саясий партиянын аймактык бѳлүмүнүн мѳѳрү менен күбѳлѳндүрүлгѳн тийиштүү документтер берилет.
Жогоруда аталган документке тѳмѳндѳгүлѳр тиркелет:
- УШКнын курамында иштѳѳгѳ макулдугу жѳнүндѳ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларын сактоо тууралуу талапкердин арызы;
- паспортунун кѳчүрмѳсү;
- иштеген, окуган жерин, билимин кѳрсѳтүү менен ѳмүр баяны тууралуу маалымат (кадрлардын эсеби боюнча жеке баракчасы же резюме);
- байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефон номери.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Ре6спубликасынын Мыйзымынын 22–беренесине ылайык тѳмѳндѳгүлѳр УШКнын мүчѳсү боло албайт:
- ЖогоркуКеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;
- судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;
-талапкер, талапкердин жана саясий партиянын өкүлү;
- башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;
-мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;
- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
-терс негиздер боюнча шайлоо комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам.
Кыйла кененирээк «Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жѳнүндѳ» жана «Шайлоо комиссияларынын резевдерин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жѳнүндѳ» жоболор менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында www.shailoo.gov.kg таанышса болот.
Эскертүү: «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Ре6спубликасынын Мыйзымынын 19–беренесинин 2-пунктуна ылайык аймактык шайлоо комиссияларынын курамында ар бир саясий партиядан бирден ашык эмес ѳкүл боло алат, б.а. тийиштүү УШКнын курамына (КР БШКнын расмий сайтын караңыз) кирген саясий партия ошол УШКнын резервине документтерин бербейт.
Зарыл документтердин үлгүлѳрү: арыз, СП протоколу, чогулуштун протоколу
Участкалык шайлоо комиссияларынын резервине жарандардан, коомдук уюмдардан талапкерлерди кѳрсѳтүү жѳнүндѳ протоколдор Бишкек шаардык кеңешинде 2020-жылдын 17-ноябрында 18.00 саатка чейин кабыл алынат.
Саясий партиялардан талапкерлерди кѳрсѳтүү жѳнүндѳ протоколдор Бишкек АШКда2020-жылдын 17-ноябрында 18.00 саатка чейин кабыл алынат.
Телефон боюнча маалымат: Бишкек шаардык кеңеши 0312 61 04 32
Бишкек АШК 0312 38 24 26
