Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктоо

07 ноября 2020

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атынан жана өзүмдүн атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Калктын көпчүлүк бөлүгү үчүн ЖМК маалымат алуунун маанилүү булагы болуп турган биздин заманда журналисттик эмгектин мааниси күндөн күнгө өсүүдө. Сиздер маанилүү жана керектүү иш аткарып жатасыздар, сиздердин ишиңиздерсиз өлкөнүн, коомдун жана адамдын алга өнүгүүсүн, коомдо сөз эркиндигинин жана тең укуктуулуктун, өз ара сыйлашуунун жана тынчтыктын бекемделүүсүн элестетүү мүмкүн эмес. Мамлекеттин жана жарандык коомдун өз ара аракеттешүүсүнө көмөктөшүү аркылуу сиздер калк менен кайра байланышуунун баалуу социалдык миссиясын ишке ашырып жатасыздар. Өлкөбүздө ачык, мыйзамдуу жана адилет демократиялык шайлоо тутумун калыптандырууда журналисттердин салымы чоң мааниге ээ.

Биз жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин, журналисттин негизги принциптерин – аныктык, объективдүүлүк жана ыкчамдык принциптерин жетекчиликке алып, өз ишин абийирдүүлүк жана намыскөйлүк менен аткарган кесипкөйлөрдүн эмгегин жогору баалайбыз. Көз карандысыз ой жүгүртүүлөр, калыс айтылган жарыялоолор жана иштиктүү сын үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Сиздерге жаңы жетишкендиктерди, чыгармачылык идеяларды жана кызыктуу маалыаттык табылгаларды каалайбыз. Ден соолугуңуздар бекем, чыгармачылык эргүү жана баштаган ишиңиздерде ийгиликтер болсун!

Урматтоо менен,

БШК төрагасы                                              Нуржан Шайлдабекова