БШК шайлоо участоктору үчүн көрнөктүн жана календардын тексттерин бекитти

06 ноября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылы 6-ноябрда өз жыйналышында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо участоктору үчүн көрнөктүн жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө токтом кылды.

Чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 20, 21-беренелерине ылайык кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү