Бишкек АШКнын шайлоочуларга, КРнан тышкары убактылуу жашап жаткандарга же анын чегинен тышкары жүргөн жарандарынын коомдук бирикмелерине, ошондой эле КРнын саясий партияларына КАЙРЫЛУУСУ

04 ноября 2020

2021-жылдын 10-январына Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалгандыгына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 2-3-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” КР мыйзамынын 19-20-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же жүрүшкөн жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо жөнүндөгү” Жобону жетекчиликке алып, чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторунда шайлоочулардын саны өсүп жаткандыгын эске алуу менен, шайлоо комиссияларынын үзгүлтүксүз ишмердигин камсыздоо максатында, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (мындан ары Бишкек АШК) шайлоочулардан, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же ошол жакта жүргөн жарандардын коомдук бирикмелеринен, саясий партиялардан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүүнү жарыя кылат:

Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын өздөрүнүн макулдугун, шайлоо кампанияларына, коомдук турмушка катышуу тажрыйбасын, кесиптик жана жеке сапаттарын эске алуу зарыл.

Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын курамдары мамлекеттин аймагынан тышкары жүргөн же жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлеринен эсебинен түзүлөт.

Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын жыйындарынан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдорду жыйындын төрагасы жана катчысы кол коюп күбөлөндүрүп бериши керек. Протоколго жыйынга катышкандардын тизмеси алардын колу коюлуп, жашаган жери көрсөтүлүп кошо тиркелиши зарыл.

Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан талапкерлерди тандоо саясий бирикмелердин уставына жараша жүргүзүлөт. Бишкек АШКына саясий партиянын жетекчисинин (жыйындын төрагасынын) колу коюлуп, мөөрү басылган тиешелүү документ көрсөтүлөт.

Жогорудагы документтерге булар тиркелет:

  • Талапкердин чет өлкөдөгү шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндөгү милдеттенмеси;
  • паспортунун көчүрмөсү;
  • иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүп жазган биографиялык маалыматтар (кадрлар бөлүмүнөн жеке баракчасы же резюмеси);
  • байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефондор (үйдөгү, мобилдүү, электрондук почтасы).

Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын жыйындарынан, саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор, анын ичинде электрондук түрдө да Бишкек АШКында 2020-жылдын 11-ноябрга чейин, саат 18ге дейре кабыл алынат.

Сурап билүү: +996-312-382-426

Телефондор:  +996-500-382-426 (WhatsApp)

Эл. почта:       tikbishkek@gmail.com

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы