Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кайрадан өтөт

04 ноября 2020

2020-жылдын 4-ноябрында КР Боршайкому өзүнүн жыйынында Ош облусунун Өзгөн районундагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо жөнүндө токтомун кабыл алды.

Бул чечим "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-14-18-беренелерине, "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө" КР мыйзамынын 49-беренесине ылайык, "Айыл өкмөт башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндөгү" КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3-токтому менен бекитилген Жобого ылайык кабыл алынды.

Өзгөн районундагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо 2020-жылдын 18-ноябрына дайындалды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү