БШК жети коомдук байкоочуну каттады

04 ноября 2020

Бүгүн – 2020-жылы 4-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйналышында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү берүү менен төмөнкү коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө чечим кылды:

1) “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” коомдук бирикмесинен:

- Атагозиев Мурат Джаныбековичти,

- Ирискулбеков Эрик Белековичти,

- Эсенгулов Акылбек Молутбековичти;

2) “Таза Шайлоо Ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинен:

- Арыков Тимур Дженишбековичти,

- Талканчиев Медер Неербековичти;

3) “Эгль” коомдук фондунан:

 - ОмуркановаЧолпон Аскербековнаны;

- Медетов Мирлан Кубатовичти.

Чечим Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-октябрындагы №263 токтомун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы №226 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо коомдук байкоочулардын статусу, ыйгарым укуктары жана иш тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү