2020–ж. 4-ноябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
04 ноября 2020
Өткөрүү датасы: 4-ноябрь 2020-ж.
Убактысы: 16.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кенештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Жалал-Абад жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Чороев Кубан Аманбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы – М. Кожокеева, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы – М. Кожокеева, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Асанов Бектур Жантөрөевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы – М. Кожокеева, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
6. Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу коммерциялык эмес уюмдарынын билдирүүсү жана коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
7. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 17-июнундагы №165 токтому менен бекитилген «КР Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы колтамгаларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө” Нускамага жана КР БШКнын
2017-жылдын 20-июнундагы №170 токтому менен бекитилген “Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
8. Ар түрдүү маселелер
