Джаныбеков Азат Орок айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
02 ноября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 2-ноябрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 12-октябрда № 251 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын жана шайлоонун натыйжаларын бекитүү токтомун кабыл алды.
Орок айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Джаныбеков Азат Максатович катталган, талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын29-октябрындагы протоколу мененОрокайылдык кеңешиндеги 21 депутаттынын 19 депутаты катышып, А.М. Джаныбеков 18добуш алган «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 29-октябрындагы протоколу мененДжаныбеков Азат Максатович Орокайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
КР БШК маалымат бөлүмү
