Ыбышов Каныбек Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
02 ноября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 2-ноябрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 12-октябрда № 251 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын жана шайлоонун натыйжаларын бекитүү токтомун кабыл алды.
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер –Ыбышов Каныбек Зарлыкович катталган, талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 30-октябрындагы протоколу менен Кум-Дөбө айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 17 катышып, К.З. Ыбышов 16 добушалган,“бардык талапкерлерге каршы” позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын30-октябрындагы протоколу менен Ыбышов Каныбек Зарлыкович Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
КР БШК маалымат бөлүмү
