БШК мөөнөтүнөн мурда айылдык кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуп, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды жана ваканттык депутаттык мандаттарды башкаларга ыйгарды

31 октября 2020

2020-жылдын 31-октябрында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында, Аламүдүн, Жайыл райондук, Нарын шаардык, Баткен шаардык, Сузак жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана ваканттык депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин келе жаткан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттыкка талапкерлерге берүү жөнүндөгү чечимин бекитүү токтомун кабыл алды.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айылдык кеңешинен Мурсалы Токтогазиевич Асанбековдун көзү өтүп кеткендигине байланыштуу анын депутаттык мандаты Эмил Бердибекович Айбековго – энергетика тармагындагы коррупциянын алдын-алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлгө берилди.

Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Суу айылдык кеңешинен Эсенкан Каналбекович Мисиркуловдун көзү өтүп кеткендигине байланыштуу анын депутаттык мандаты Чынара Макеналиевна Шакировага – ФАП дарыгерине ыйгарылды.

Жайыл районундагы Красно-Восточныйайылдык кенешинен Бактыбек Кокумбаевич Закировдун көзү өтүп кеткендигине байланыштуу депутаттык мандаты Джапарбек Кубанычбекович Кожоналиевге – убактылуу иштебеген адамга ыйгарылды.

Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешинин депутаты Анаркүл Кыдыковна Калмамбетова өз арызы боюнча мандатын тапшырган, анын мандаты Рыскүл Муратовна Турдалиевага – Нарын облустук билим берүү мекемесинин директорунун орунбасарына ыйгарылды.

Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаты Улукбүбү Аскаралиевна Амированын көзү өткөндүгүнө байланыштуу анын мандаты Гүлмира Боруевна Салиевага – Ч. Айтматов атындагы орто мектептин мугалимине ыйгарылды.

Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаты Чынара Мамедовна Ахмедова өз арызы боюнча мандатын тапшырган, анын мандаты Перизат Абдиевна Абдырахмановага – жеке ишкерге берилди.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ырыс айылдык кеңешинин депутаты Зохиджон Омарович Камчиев өз арызы менен мандатын тапшырган, анын мандаты Кеңешбек Акимжанович Нусубалиевге – жеке ишкерге ыйгарылды.

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балбай айылдык кеңешинин депутаты Роза Шаршекеевна Шаймолдоеванын көзү өткөндүгүнө байланыштуу анын мандаты Абдысалам Мамбетжанович Муздабаевге – убактылуу иштебеген адамга берилди.

БШК мындан тышкары 31-октябрдагы жыйынында Баткен шаардык жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кенештерге катталган талапкерлердин тизмесинен төмөнкүлөрдү чыгаруу чечимин да бекитти:

Баткен шаардык кеңешинин талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу тууралуу Максудахан Миңбаевна Гапарованын 2020-жылдын 29-октябрында түшкөн жеке арызынын негизинде.

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балбай айылдык кеңешинен Акылбек Дюшембекович Калыковдун жана Оболбок Мукатович Байтерековдун 2020-жылдын 27-октябрында түшкөн жеке арыздарынын негизинде аларды Балбай айылдык кеңешине талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө.

Токтом “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комисссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 6-7-18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” КР мыйзамынын 52-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” КР мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алынды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү