БШК Сузак районунун эки айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоону дайындады
31 октября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 31-октябрында өз жыйналышында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы, Көк-Арт айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.
Жалал-Абад облусунун Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 22-октябрындагы № 99-к буйругу менен Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Сыргабаев Абсаттар Токтогулович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
Жалал-Абад облусунун Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 27- октябрындагы № 100-к буйругу менен Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Кулматов Эделбек Маматкулович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык БШК төмөнкүдөй токтом кылды:
1.Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 17-ноябрына дайындалсын жана саат 09:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 18-ноябрына дайындалсын жана саат 09:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлсүн.
БШК Сузак аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелеринин сакталышы менен (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды колдонуу, дезинфекциялоочу эритмелер, спирт камтылган антисептик менен колдорду тазалоо) өткөрүүнү уюштурууну тапшырды.
КР БШК маалымат бөлүмү
