Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра өткөн шайлоо жөнүндө маалымат

30 октября 2020

2020-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 12-октябрындагы № 251 токтому менен дайындалган Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна – Кааров Батырбек Дыйканбаевич, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган жана Жекшеналиев Талант Баястанович, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган 2 талапкер катталган.

Кайра шайлоо күнү   Кара-Таш айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып Б.Д. Кааров – 14 добуш алган, Т.Б. Жекшеналиев – 6 добуш алган, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.