БШКда донорлордун Координациялык кенеши менен жолугушуу болуп өттү

30 октября 2020

30-октябрда БШК төрайымы Н. Шайлдабекова шайлоо процессине көмөк көрсөтүү маселеси боюнча донорлордун Координациялык кеңеши менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга Кыргызстандагы ПРООН жана ЕККУ өкүлдөрү катышты. 
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу кызматташтык боюнча пландары менен бөлүшүп, ошондой эле КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоонун өтүшүн да талкуулашты. 
Жолугушууга катышкандар Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдыктын жана уюштуруунун жүрүшүндө мыйзам бузуулар менен күрөшүүнү күчөтүү, шайлоо процессине катышкандардын эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоо чаралары, ошондой эле КР БШКсы шайлоо мыйзамдарына сунуш кылып жаткан өзгөрүүлөр, атап айтканда өтүү босогосун жана күрөөнү ылдыйлатуу маселелерин талкуулашты. 
Н.Шайлдабекова алдыдагы Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча БШКнын иш пландары тууралуу кенен айтып берди. 
Боршайкомдун жетекчиси мындан аркы шайлоолорду өткөрүүгө көрсөткөн фундаменталдуу колдоолору жана укуктук системаны түзүүдөгү бир катар өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн салымын белгилеп өттү.  
Ноябрдын биринчи декадасында өнөктөштөрдүн колдоосу менен жарандык билим берүү борбору өз ишин баштайт. Ал өз ишмердигинде маалыматтык жана методикалык камсыздоо чараларын күчөтүүгө, шайлоо процессине ишенимди калыбына келтирүүгө, административдик ресурска каршы туруу үчүн укуктук базаны иштеп чыгуу багыт алат. 
КР БШК Маалыматтык бөлүмү