БШК Сурабалдиева Эльвиранын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

27 октября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 27-октябрындагы өз жыйналышында «КСДП» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековнанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

«КСДП» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековнанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча келип түшкөн жеке арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңешинин депутаты Сурабалдиева Эльвиранын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Жогорку Кеңештин депутаты Сурабалдиева Эльвиранын күбөлүгү анык эмес деп табылды.

КР БШК маалымат бөлүмү