БШК Зулушев Курманкулдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
27 октября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 16-октябрындагы өз жыйналышында «Республика-Ата Журт» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Зулушев Курманкул Токторалыевичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
«Республика-Ата Журт» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Зулушев Курманкул Токторалыевич Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 21-октябрындагы ПЖ№ 14 жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору болуп дайындалган.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен коошпогон ишке өтүүсүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1,3-пункттарына, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1, 6-пункттарына, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1,3-пункттарына, 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңешинин депутаты Зулушев Курманкулдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Жогорку Кеңештин депутаты Зулушев Курманкулдун күбөлүгү анык эмес деп табылды.
КР БШК маалымат бөлүмү
