БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

21 октября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 21-октябрындагы жыйналышында Талас, Кочкор жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин төмөнкү депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү жөнүндө токтом кылды.

Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаты Абдрахманов Жаркынбек Рыскулбековичтин – каза болгондугуна байланыштуу. Мандат фермер Эзембаев Кеңеш Чоконовичке  өткөрүп берилди.

Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Мамырбаев Алымбек Бирназаровичтин – депутаттын ыйгарым укуктарын аткарууга айкалышпаган кызмат ордуна дайындалганына байланыштуу жеке арызы боюнча. Мандат фермер Усупбеков Азамат Султанбаевичке  өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Багыш айылдык кеңешинин депутаты Абдумаматов Толкун Аманбаевичтин – каза болгондугуна байланыштуу. Мандат жеке ишкер Кулуев Тынчтыкбек Бактыбековичке өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты Турганбаев Шеркул Каримбековичтин – жеке арызы боюнча. Мандат жеке ишкер Сулайманкулов Бейшенбек Бакытбековичке өткөрүп берилди.

Чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык,                 Талас, Кочкор жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин негизинде кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү