БШК Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады
21 октября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 21-октябрдагы өз жыйналышында Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады.
Нарын облусунун Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 14-октябрындагы № 18 буйругу менен Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Омуралиев Осмонбек өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 9-ноябрына дайындалды.
Шайлоо саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлөт.
БШК “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык шайлоо жөнүндө чечим кабыл алды.
Нарын аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы №244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды пайдалануу, дезэритме, спирти бар антисептик менен колду иштеп чыгуу) сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК маалымат бөлүмү
