БУУнун Башкы Катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Н.Герман: БУУ Кыргызстандагы шайлоо процессин демократиялаштыруу боюнча колдоосун улантат
20 октября 2020
Бүгүн – 2020-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы Н. Шайлдабекованын БУУнун Башкы Катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууга БУУ тутумунун Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору Озонниа Ожиелло жана БУУнун Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен, ошондой эле КР БШК мүчөлөрү дагы катышты.
КР БШК Төрагасынын айтымында өткөн парламенттик шайлоодо эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу аркасында шайлоону даярдоонун жана уюштуруунун бардык этаптарында шайлоо процессинин аныктыгын жана айкындуулугун камсыздоо үчүн бүт укуктук шарттар түзүлдү. Шайлоонун инклюзивдүүлүгүн арттырууга багытталган реформалар жетиштүү деңгээлде ийгиликтүү жүргүзүлдү.
“Республиканын шайлоо мыйзамдарына административдик ресурс тууралу түшүнүк биринчи жолу киргизилди, шайлоо процессинин убагында административдик ресурсту пайдалангандык үчүн жоопкерчилик мыйзам менен бекитилди. Мунун баары укук коргоо тутумдары үчүн окутуу тренингдери менен бекемделди, бирок пандемия шартында биз аларды онлайн форматында окутууга аргасыз болдук. Түзүлгөн кырдаалды талдап көрүп, биз өз ара аракеттешүү форматын өзгөртүп, укук коргоо органдары менен кыйла тыкыс мамиле түзүүнү чечтик”, - деди Н. Шайлдабекова.
Н. Шайлдабекова Борбордук шайлоо комиссиясы кайра шайлоо дайындалганга чейин жарандардын кызыкчылыктарын билдирген саясий күчтѳрдүн парламенттеги ѳкүлчүлүгүн кеңейтүү үчүн мыйзам деңгээлинде укуктук шарттарды түзүү маанилүү деп эсептерин белгиледи. Ушуга байланыштуу БШК “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөрдү кыска мөөнөттө карап чыгуу өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылган.
БШК башчысы шайлоону өткөрүүдө жарандардын ден соолугун сактоо маселесине айрыкча көңүл бурулганын белгилеп, өнөктөштөргө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын айтты, ошондой эле укук коргоо органдары, саясий партиялардын өкүлдөрү, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана ЖМК менен аларды окутууга байланыштуу жолугушууларды өткөрүүгө мындан ары дагы жардам берилээрине ишенерин билдирди.
“Германиянын БУУӨП аркылуу колдоосу аркасында биз биринчи жолу мобилдик топтордун чет өлкөлөргө барууларын уюштурдук, алар 35 шаарга барып, мигранттар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында чет өлкөлөрдөгү шайлоочулар эки эсеге көбөйдү. Эгерде шайлоочуларды сатып алуу болбосо, чет өлкөлөрдөгү добуш берүүнүн натыйжасы Кыргызстандын шайлоо тутуму анык шайлоону камсыздай ала тургандыгынын көрсөткүчү болуп саналат.”, - деди Н. Шайлдабекова.
БУУнун Башкы Катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү кайра шайлоону уюштуруу үчүн БУУ ар тараптуу жардам жана колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин ырастады.
Н. Герман Кыргызстанда өткөн окуялар саясий процессте жаштардын жана аялдардын ролу маанилүү экендигин көрсөткөндүгүн белгилеп, жаштардын жана аялдардын дараметин өнүктүрүү БУУнун Кыргыз Республикасындагы тутуму үчүн артыкчылыктуу маселелерине кире тургандыгына көңүл бурду.
“Биз КР БШКнын ишин абдан жогору баалайбыз. Силер биз үчүн олуттуу жана жоопкерчиликтүү өнөктөшсүңөр. Ортобузда жакшы иштиктүү мамиле жана өз ара түшүнүү бар, ошондуктан пандемияга жана өлкөнүн аймактарында түзүлгөн кырдаалга карабастан, силердин алга жылып, өз ишиңерди чоң мекенчилдик жана кесипкөйлүк менен аткарып жатканыңарды биз баалайбыз. Мен БУУ КР БШКга өзүнө гуманитардык колдоону камтыган жардам берүүсүн улантарына ишендирип кетким келет, ошондой эле күч-аракеттерди топтоп, биригүү, баарын тез жана баш кошуп жасоо зарыл болуп турган азыркы учурда биз силердин ишеничтүү өнөктөшүңөр болуп каларыбызды белгилеп кетейин”, - деди Н. Герман.
БУУнун Башкы Катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү КР Борбордук шайлоо комиссиясынын мындан аркы ишине ийгиликтерди каалады.
КР БШК маалымат бөлүмү








