Кыргызстандын шайлоо участокторунун 79 пайызында пандустар бар
04 октября 2020
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоодо саламаттыгынан чектелген шайлоочулардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча бир топ иштерди аткарган.
Атайын форматтарды колдонуу менен 12 400 экземпляр маалыматтык материалдар басылып чыгарылган. КР БШКнын расмий сайтында саламаттыгынан чектелген адамдар үчүн “өзүн шайлоо тизмесинен тактоо жөнүндө”, “добуш берүүнүн тартиби жөнүндө”, “чет мамлекеттерде шайлоо укуктарын камсыздоо жөнүндө” аудио материалдар, ошондой эле “саламаттыгы чектелген шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу чаралары жөнүндө” видео роликтер да даярдалган.
Саламаттыгынан чектелген адамдар шайлоо участогуна кире берүүдө шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жардам берүү үчүн, 2400 “Чакыруу кнопкасын”көрсөтүүчү табличкалар менен камсыздалган.
Ар бир шайлоо участогунда саламаттыгынан чектелген адамдар добуш берүүсү үчүн бирден кабина жабдылган. Бюллетенди толтуруу үчүн чоңойтуучу айнек (лупа) жана Брайль трафарети коюлган. БШК имаратында call-борбор уюштурулган, анда иштешкен операторлор саламаттыгы чектелген адамдар (8 адам).
Добуш берүү күнү шайлоо участокторунун 79 пайызында пандустар жасалган.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
