24 472 шайлоочу добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берди

04 октября 2020

2020-жылы 3-октябрда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү болуп өттү. ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участогуна келе албаган шайлоочулар, ошондой эле төмөнкүлөр добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө укуктуу:

  • добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайлардагы шайлоочулар;
  • алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар.

Өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча:

  •  добуш берүү күнү обочолонгон, калктуу конуштардан алыс жерлерде кызмат өтөп жатышкан аскер кызматчылары,
  • добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери,
  • жумуш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда иштеген шайлоочулар,
  • вахта ыкмасында иштеген шайлоочулар.

Ал тизме Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.

Участкалык шайлоо комиссиялары мындай шайлоочуларга добуш берүү күнүнө чейин бир календарлык күн калганда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө катышуу үчүн 29 320 шайлоочу арыз берген.

2020-жылы 3-октябрда добуш берүү үчүн жайдан тышкары 24 472 шайлоочу же добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү жөнүндө УШКга арыз берген шайлоочулардын жалпы санынын  83,5%ы добуш берди.

Арыз берген шайлоочулардын 16,5%ы же 4 848 шайлоочу добуш берүүнүн алдыңкы күнүндө добуш берген жок. КР БШК башчысы Н. Шайлдабекованын айтуусу боюнча алардын бүгүн добуш берүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар.

КР БШК маалымат бөлүмү