Шайлоочулар 28 өлкөдө добуш берүүдө

04 октября 2020

2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого карата Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же убактылуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоо максатында 28 өлкөдө 45 шайлоо участогу түзүлгөн.

Өлкөнүн чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргызстандын жарандары өз убагында добуш бере баштады.

Шайлоо участоктору алгач Россия Федерациясынын Иркутск, Сургут, Түштүк-Сахалин, Якутск шаарларында, ошондой эле Италия менен Францияда ачылды.

Убакыт боюнча акыркы болуп шайлоо участогу Вашингтон (АКШ) шаарында иштей баштайт.

КР БШК маалымат бөлүмү