БШК А.К. Шайдылдаеваны “Ата Мекен” социалисттик саясий партиясынын ишенимдүү адамы катары каттады

02 октября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 2-октябрындагы жыйналышында Шайдылдаева Айдай Кубанычбековнаны 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо “Ата Мекен” социалисттик саясий партиясынын ишенимдүү адамы катары каттоо жөнүндө чечим кабыл алды.

Чечим Шайдылдаева Айдай Кубанычбековнанын жазуу жүзүндөгү арызынын жана “Ата Мекен” социалисттик саясий партиясынын 2020-жылдын 2-октябрындагы кириш №06/2569 сунуштамасынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү