БШК А.Р Иминовду “Кыргызстан” саясий партиясынын ишенимдүү адамы катары каттады
02 октября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 30-октябрындагы жыйналышында Иминов Аманылло Розыбаевичти 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо “Кыргызстан” саясий партиясынын ишенимдүү адамы катары каттоо жөнүндө чечим кабыл алды.
Чечим Иминов Аманылло Розыбаевичтин жазуу жүзүндөгү арызынын жана “Кыргызстан” саясий партиясынын 2020-жылдын 1-октябрындагы билдирүүсүнүн негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
