БШК “Биримдик” (Единство) демократиялык партиясы” саясий партиясынын ишенимдүү адамынын каттоосун жокко чыгарды

02 октября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 2-октябрындагы жыйналышында КР БШКнын 2020-жылдын 9-сентябрындагы №131 чечими менен катталган Артыков Шамил Жусуповичтин  “Биримдик” (Единство) демократиялык партиясы” саясий партиясынан ишенимдүү адам катары каттоосун жокко чыгаруу жана анын күбөлүгүн жараксыз деп табуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Чечим Артыков Шамил Жусуповичтин ишенимдүү адам катары каттосун чакыртып алуу жөнүндө “Биримдик” (Единство) демократиялык партиясы” саясий партиясынын 2020-жылдын 30-сентябрындагы билдирүүсүнүн негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү